Койлор үркүп. Таластагы жер титирөө видеого түшүп калды

Социалдык тармакта кечээ, 28-мартта Талас облусунун Арал айында жер титирөө тартылып калган видео тарады.

Белгилей өтсөк, 28-мартта саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.

Ал эми ошол эле күнү саат 16:56да Талас облусунун аймагында экинчи ирет жер титирөө болгону маалымдалган. Анда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3,5 баллга чейин сезилгени кабарланды.

29.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ERMEK
2025-03-29 11:38:00
Эмнеге Видео ачбай жатат Супер?
+1
baltabai
2025-03-29 14:17:00
Зорго ачып жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан