АКШнын Каржы министрлиги тарабынан “Боордоштук чөйрөсүнүн” тизмесине киргизилген Григорий Лепс “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында ырдабайт

Орусиялык ырчы Григорий Лепс “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасынын ачылышында ырдабайт. Мунун себеби, анын АКШнын каржы министрлиги тарабынан мафияга байланыштырылып, “Боордоштук чөйрөсүнүн” мүчөсү экендиги тууралуу шектенүүсү менен байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда орусиялык маалымат булактары кабарлады.  

Маалыматка ылайык, учурда аталган Олимпиада оюндарынын ачылышында ырдай турган ырчылар тандалууда. Алардын катарында Лепс да бар болчу. Ырчы орусиялык телеканалдардын бирине берген маегинде Кышкы Олимпиаданын ачылышында ырдабай турганын айткан. Себеби ага Орусиянын Олимпиада комитетинен анын Олимпиаданын ачылышында ырдоосу Эл аралык чуу алып келиши мүмкүн экенин билдиришкен.

Эске салсак, 22-ирет уюшулуп жаткан Кышкы Олимпиада оюндары 7-23-февраль аралыгында Сочи шаарында өтөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан