SUPER.KG порталынын куттуу студиясынын маек төрүндө кавер ырлары менен көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган Амантур Бакытбеков жана Нурболот Талантбеков болду.
Маектин жүрүшүндө алар айыл турмушунан башталган чыгармачылык жолу, хит болгон ыр жана жаңы пландары тууралуу кеп салышты.
Айтымдарында, алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Таш айылында турушат.
"Бек Борбиев агабызды "Тазасы барбы сүйүүнүн?" деген ырын ырдап, андан киийн элге таанылып, видеолорубуз көп көрүү топтой баштады. Ал ырды ойдо жок жерден эле ырдай салган болчубуз. Эртең менен соцбаракчабызды карасак эле 100 миңден ашык көрүү болуп калыптыр. Ошондон киийн көптөгөн видеолорду тартып, Инстаграм баракчаларыбызга жайгаштырыып атабыз. Мындан ары дагы ырларды жаздырып, чоң сахнага чыгууга аракет кылабыз" дейт Амантур Бакытбеков.