Белгилүү балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпиондугунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Спортчу мелдешке 70 килограммга чейинки салмакта катышкан.
Алгач 1/8 финалдык беттеште казакстандык, чейрек финалда өзбекстандык балбанды уткан. Жарым финалдык беттеште Жапониянын балбанын 8:8 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.
Ал алтын медаль үчүн беттеште Тажикстандын балбанын жеңип, эркин күрөш боюнча Азия чемпиону аталды.
Белгилей кетсек, мелдеш Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.