Израилдин Коргоо күчтөрү Газанын аймактарын бомбалоосунан кеминде 64 киши, анын ичинде балдар каза болгонунун 30-мартта Al Jazeera басылмасы бийликке шилтеме берип билдирди.
Маалымдалгандай, алардын сокку уруулары Орозо майрамдын биринчи күнүндө да улантылды. Атап айтканда, Израилдин аскерлери анклавдын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарындагы турак жайларга кол салышкан.
Кошумчалангандай, Рафах шаарында израилдик аскерлердин аткылоосунан кийин дайынсыз жоголгондордун тизмесине кирген жалпы 15 палестиналыктын жансыз денеси табылган. Алардын сегизи Кызыл жарым ай коомунун медициналык кызматкерлери болгон. Алар менен байланыш бир жума мурун үзүлгөндүгү айтылат.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 28-мартта билдиргендей, Израилдин Газа тилкесине болгон чабуулдары кайра жандангандан бери 896 адам көз жумса, дагы 1984 жаран жарадар болду.