Бүгүн, 31-мартта президент Садыр Жапаров Тажикстандын Худжанд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлады.
Маалымдалгандай, өлкө башчыны аба майдандан коңшу мамлекеттин лидери Эмомали Рахмон салтанат менен тосуп алган. Худжанддагы Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын башчыларынын жолугушуусунда үч өлкөнүн ортосунда мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюу күтүлүп жатат.
"Мамлекет башчыларынын жана ошондой эле өкмөт башчыларынын орун басарларынын катышуусу менен онлайн форматта мамлекеттик чек аралар кесилишкен чекитинде орнотулчу мемориалдык тактанын ачылыш аземи болот", - деп айтылат маалыматта.