"Айылдагы өзгөчө вайб". Айттап жүргөн жаш балдардын видеосу жүрөк жылытты (видео)

Кечээ, 30-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында айт намазы окулуп, Ороза айт майрамы майрамдалды. Бул майрамды мусулман эли бири-бирине конокко барып, баарлашып, конок тосуп, түрдүү даамдарды даярдап тосуп алышат. Шаар жергесинде анчейин байкалбаган салтанат айыл аймактарда өзгөчө мааниге ээ.

Дал ушундай майрамдык маанайды тартуулаган жаш балдардын видеосу социалдык баракчалардын колдонуучуларынын жүрөгүн жылытты. Анда үймө-үй кыдырып, майрамдык дасторкондон шириндиктерди, мөмө-жемиш, боорсок чогулткан өспүрүмдөр Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Улукбек Карыбек уулунун айылдаштары. Алар баштыктарын ача салып, биринен өтүп экинчиси Карыбек уулуна ооз тийгизип жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле балдар ар бир үйгө каалоо-тилектерин билдирип жаткандарын айтышкан.

Айттап жүргөн жаш балдардын видеосу жүрөк жылытты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан