Иш кагаздардын бардык түрү жылдын аягына чейин электрондук түрдө берилет (видео)

Иш кагаздардын бардык түрү Түндүк тиркемеси аркылуу жылдын аягына чейин электрондук түрдө берилет. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта журналисттерге маек берип жатып президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматтардын баары Түндүк тиркемесинде болот.

“Мен ишендирип кетейин, күзгө чейин иш кагаздардын бардык түрүн электрондук түрдө алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жылдын аягында калкты тейлөө борборлоруна айрымдар гана барып маалымат алып калат. Түндүк барып-барып аябай чоң банкка айланат. Бардык мамлекеттик кызматтар ушунун ичинде болот. Биздин коңшу мамлекетте, билесиңер, Каспий бар, мына ошондон дагы чоң болот”, - деди Туманбаев.

Иш кагаздардын бардык түрү жылдын аягына чейин электрондук түрдө берилет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан