Эртең, 1-апрелде республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлайт.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +14 ... +19;
Талас жергесинде түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +14 ... +19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2 ... +7, күндүз +18 ... +23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 ... 2, күндүз +9 ... +14;
Нарын дубанында түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +10 ... +15;
Бишкекте түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +17 ... +19 градус болот.