Күлкү майрамынын келип чыгышы боюнча кандай версиялар бар? Жаралуу тарыхына кайрылабыз

1-апрель – Күлкү күнү. Бул күн маанилүү майрамдык даталардын катарына кирбейт, бирок бул күндү майрамдабаган эл жокко эсе. Анткени 1-апрелде көңүл ачуу, тамашалашуу жана бири-бирин алдоо салты көптөгөн өлкөлөрдө бар. Бул күндү "акмактар күнү", "акылсыздар күнү" деп да аташат.

Майрамдын так келип чыгышы боюнча түрдүү пикирлер бар. Версиялардын биринде бул майрамдын келип чыгышы Байыркы Римге барып такалат. Ал жерде февраль айынын ортосунда (апрелдин башында эмес) күлкү майрамы майрамдалган. Байыркы Римде Апулей алдамчылар күнүн күлкү кудайынын урматына уюштурулган деп эсептешкен.

Башкалар бул майрам байыркы Индияда пайда болгон деп ырасташат, анда 31-мартта тамашалар майрамдалган. Ошондой эле ирландиялыктар гана 1-апрелде Жаңы жылдын урматына тамашалашкан деген божомол бар. Исландиялык сагалар 1-апрелде алдоо салтын кудайлар Тиас кызы Скадеяны эскерүү үчүн киргизишкен деп айтышат.

Алгач Индия менен Байыркы Римде 1-апрель күн менен түн теңелген күн катары белгиленип келген деген версия да бар. Жаз жаңы жылына карата тамашалар жана күлкүлүү фокустар менен майрамдык салтанаттар уюштурулчу. Ошентип адамдар жаратылыштын жазгы жоруктарын тамашалар менен жайгарууга аракет кылышкан.

Дагы бир версия боюнча, күлкү майрамы 1582-жылы Рим Папасы Григорий XIII киргизген Григориан календарына өтүү менен байланыштуу. Орто кылымдарда жаңы жыл марттын аягында белгиленип келген - Жаңы жылдык жума 25-мартта башталып 1-апрелде аяктаган. XVI кылымдын ортосунда Король Карл IX Францияда Жаңы жылды 1-январга жылдырып, календарда реформа жүргүзгөн, бирок көпчүлүк 1-апрелди майрамдоону улантышкан. Ошол күнү бири-бирине белек тартуулаган адамдарды Апрелдин акмактары деп аташкан. Мына бул тамашалардан 1-апрель күлкү күнү катары саналып калган.

Чын дилден чыккан күлкү – саламаттыкка эң чоң жардамчы. Күлкү беттин булчуңдарын иштетип, кан айланууну жакшыртып, анын натыйжасында териге жакшы таасир берерин айтышкан. Бир нече мүнөт чын дилден каткырууда дем алуу органдарын бактерия менен вирустарга каршы туруучу антителалар менен камсыздайт. Аны менен кошо бир катар ооруларга, анын ичинен ракка каршы күрөшүүчү лейкоциттердин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Кан тамырларды кеңейтип, кан айланууну жакшыртат. 10 мүнөттүк күлкү кан басымды кадимкидей түшүрөт. Ошондой эле жүрөгүнөн приступ болгондорго көп күлгөн пайдалуу, ал оорунун экинчи жолу кайталанышын алдын алганга жардам берет. Күлкү астма жана бронхиттен жапа чеккендерге жакшы жардамчы. Каткырган учурда өпкөгө кычкылтек адаттагыдан арбын кирип, какырыктын толуп калуусун азайтат. Британ окумуштуулары 1 мүнөттүк күлкү 45 мүнөттүк көңүл ачкан терең эс алууга барабар экендигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан