Бүгүн, 1-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги таңкы рейдин Озгур айылында өткөрдү. Анда жолунан жолуккан жаш бала менен маек куруп, ага бизнес ачып берүүнүн жол-жобосун айтып, каржы жактан жардам берерин билдирди.
Өспүрүм үй-бүлөсү акыркы коюн сатып жибергенин билдирген соң шаар башчысы жардам көрсөтөрүн убадалады.
"Эртең атаң менен мага келгиле. Атаң экөөңөргө акча берем. Бир уй жана 5 кой сатып алгыла. Бирок акчамды күзүндө кайтарып бересиңер. Жакшы да. Бул бизнес. Менин акчам көп эмес. Сүт бере турган уйдун жана 5 койдун баасын базардан билип, мага барасың", - деп узатты калаа башчысы.
Белглей кетсек, Жеңишбек Токторбаев мэр болуп Ош шаарына баргандан бери аймактарды кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды бузуу менен жолдорду кеңейтүү иштерин алып барууда.