Эртеңден тарта Бишкектин борборундагы дагы бир көчөнүн жарымы жабылат

Эртең, 2-апрелден тарта Бишкектеги Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Мэриянын маалыматына ылайык, аталган көчөнүн Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
"Ошентип Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.
Буга байланыштуу №212 коомдук транспорттун схемасынын багыты Горький көчөсүнө чейин өзгөрөт.
Ошондой эле Медеров/Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилиши жана Медеров/Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот", - деп билдиришти мэриядан.
Белгилей кетсек, оңдоо иштерин "Технотоп" ЖЧКсы алып барат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан