Кечээ, 31-март күнү Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 7-кабатынан өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган 23 жаштагы жаран куткарылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жогорудагы жаранды куткарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Куткаруучулар жөнөкөй жарандын кийимин кийип, сүйлөшүүгө көндүрүп, анан сактап калышкандыгы маалыматта кошумчаланган.