Таиландда Казакстан менен Орусиядан барган туристтерди ташыган кеме жарылды

Таиланддын түштүгүндө Орусия жана Казакстандан барган туристтерди ташыган кеме жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык Пхукет провинциясындагы Майтон аралына жакын жердеги деңизде болгон. Кеменин ичинде жалпы 31 адам болгону маалым болду.

"Майтон аралына жакын жерде туристтик кайык жарылды. Анда Казакстан жана Орусиядан келген 31 турист болгон. Окуя болгон учурда 30 турист сууда болсо, бортто бир орусиялык турист калып, күйүк алган", - деп билдирген жергиликтүү полиция.

Ал эми жергиликтүү бийлик, жаракат алган турист ооруканага жеткирилип, калган туристтер мейманканага кайтып келгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан