Панфилов сейил багындагы кыз кулаган аттракцион убактылуу жабылды

Бишкектин Панфилов сейил багындагы кыз кулап түшкөн аттракцион убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган окуядан кийин аттракциондун ээсине 35 миң сом айып пул салынган.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, окуяга аттракциондун эки коопсуздук курунун чечилип кетиши себеп болгон.

Жыйынтыгында бардык механикалык аттракциондордун коопсуздугу текшерилгенге чейин аттракциондун ишин убактылуу токтотуу боюнча Панфилов атындагы сейил багынын администрациясынан кепилдик кат келип түштү", - деп билдиришти министрликтен.

Министрлик ошондой эле жабыркаган кыздын абалы оор бойдон экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ, 31-мартта Панфилов паркындагы аттракциондо кыз кулап түшүп, ооруканага оор абалда жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан