31-мартта Бишкектеги Панфилов паркында болгон окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондордун ишин токтотуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, министрликке коопсуздук талаптарына жооп бербеген жана жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан аттракциондордун ишин токтотуунун бирдиктүү тартибин иштеп чыгуу тапшырылды.
"Мындан тышкары бул окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бардык чаралар көрүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет",- деп айтылат расмий маалыматта.
Эскерте кетсек, 31-мартта аттракцион иштеп жаткан учурда эки коопсуздук куру үзүлүп, анын кесепетинен бир кыз жабыркаган. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап жатат. Жабырлануучу 19 жашта. Ал оор абалда шаардык клиникалык тез жардам борборуна жеткирилген.