Германиянын президентинин администрациясы өлкө башчысы Франк-Вальтер Штайнмайердин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган пост үчүн Азербайжандан кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Штайнмайердин аппарат жетекчиси Азербайжандын президентинин жардамчысына кат жолдоп, жарыяланган посто Тоолуу Карабактын желегинин сүрөтүндө жана аны коштогон текстте ката бар экенин моюндап, бул техникалык катанын натыйжасы экенин белгилеп, пост Берлиндин Бакунун аймактык бүтүндүгүн ырааттуу түрдө колдогон расмий позициясын чагылдырбай турганын билдирген.
Буга чейин Германиянын Бакудагы элчиси Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага катуу нааразычылык билдирилген.