Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо менен өзгөчо кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кайым айтышты.
Жыйында Мирлан Самыйкожо Ак-Талаа районунда Нарын суунун жээгиндеги айылдар суу жегенинен улам жабыркап жатканын айтты.
"Айдоо жерлерге суу кирип кеткен, суу Ак-Кыя айылын көздөй жылып жатат, ӨКМ абал менен таанышпы?", – деп сурады депутат.
Буга министрдин орун басары маалымат бар экенин айтып, бирок быйыл Ак-Талаага каражат бөлүнбөгөнүн айтты.
Депутат министрдин орун басарынын жообу орой болуп жатканын билдирди.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары, Кудайдын киндигинен түшсөнөр дагы бул мамлекеттик кызмат. Бул жерде элдин жашоосун айтып жатабыз. Ошол жерде элдин баары сурап жатат кандай кылабыз деп", - деди Самыйкожо.
"Сиз антип мени кекетпеңиз, макулбу?. Нормально сүйлөсөңүз", - деди Шамырканов.
Мирлан Самыйкожо министрдин орун басары даяр болушу керектигин айтып, Нарын облусундагы жээктерди коргоо иштери боюнча маселени дагы бир жыйында өзүнчө кароону сунуштады.