Борбордо күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

2-3-апрель күндөрү Бишкектеги Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-15) арасында Ауэз Ордобаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, катышуучулар 38, 41, 44, 48, 52, 57, 62, 68, 75, 85 килограм салмак категорияларында күч сынашат.
Жеңүүчүлөргө "Тайманбас" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Мелдеш саат 10:00дө башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан