Мьянмада жер титирөөдөн улам каза болгондорун саны 3 миңге жакындады 

Мьянмада катталган жер титирөөдөн улам каза болгондордун саны 3 миңге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 2700 адамдан ашкан, ал эми 4500дөн ашуун жаран жаракат алып, дагы 400 киши дайынсыз болууда. Буга чейин табигый кырсыктан көз жумгандардын саны 2 миңден ашканы айтылган.

Учурда кырсыктан улам өлкөнүн көптөгөн аймактарында электр жарыгы жана телефон байланышы жок. Мындан улам куткаруучулар бардык калктуу пункттарга азырынча жете элек, ошондуктан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү ыктымал.

Мьянмадагы жердин силкинүүсү акыркы 80 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болуп калды.

Белгилей кетсек, 28-мартта Мьянмада күчү эпицентринде биринчисинде 7,7, ал эми экинчи ирет 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен тарыхый имараттар жарым-жартылай талкаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан