Бишкектеги биринчи ротордук унаа токтотуучу жай канча сом экени айтылды

Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын аймагындагы Безымянная көчөсүндө жайгашкан биринчи ротордук унаа токтотуучу жай ишке берилди. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган унаа токтотуучу жай 10 унаага ылайыкталган. Унаа токтотуунун баасы биринчи саатына 25 сом, андан кийинки ар бир саатына өзүнчө 25 сомдон алынат.

"Төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлөт, андан кийин айдоочу операторго чекти көрсөтүп, унаасын чыгарса болот", - деп билдирди мэрия.

Мэрия долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай унаа токтотуучу жайларды борбордун башка жерлерине да орнотууга болорун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан