Кытай учуучу такси иштетүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду (видео)

Кытай бийлиги өлкө тарыхында биринчи жолу EHang Holdings жана Hefei Hey Airlines аттуу эки компанияга учуучу таксилерди, тагыраагы, автономдуу жүргүнчү дрондорун иштетүүгө уруксат берди. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалымдалгандай, бул уруксаттар Кытайдын жарандык авиация башкармалыгы(СААС) тарабынан өлкөнүн "төмөн бийиктик экономикасын" өнүктүрүү боюнча аракеттеринин алкагында берилди. Бул кадам Кытайды дүйнөдө ушундай уруксаттарды берген биринчи өлкө кылды.

Аталган компаниялар ишемби күнү мындай учактарды башкаруу сертификаттарын алышты.

EHang 216-S үлгүсүндөгү дрон эки жүргүнчү алып жүрө алат. Максималдуу саатына 100 чакырым ылдамдыкта учат жана 25 мүнөткө чейин абада болушат. Бул дрондор шаардагы экскурсия уюштурган коммерциялык кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулмакчы.

Кошумчалангандай, Пекин бийлиги төмөн бийиктик авиациясын экономиканын маанилүү бөлүгү катары карап, бул тармакты өнүктүрүүгө чоң маани берип жатышат. Бул багытта инвестициялардын көлөмү быйыл 1,5 триллион юанга жетет деп болжолдонууда. Ал эми 2035-жылга чейин 2,5 триллион юанга чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

"Мындай учуучу таксилер чоң шаарларга жол тыгынынан кутулуу, жүргүнчүлөрдү жеткирүү кызматын тездетүү үчүн керек. Албетте, тик учактар бар, бирок бул башка, жаңы нерсе. Бул учкучсуз учуучу аппарат, ошол эле учурда кимдир бирөө тарабынан башкарылуусу керек", - деп белгилеген авиациялык эксперт жана FrequentFlyers.Ru порталынын башкы редактору Илья Шатилин.

Кытайдагы алгачкы учуучу такси
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан