Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулу, 17 жаштагы Адам Кадыров Ички иштер министрлигинин республика боюнча куратору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун жыйынында айтылгандыгын орус басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, Адам Кадыров кызматка киришкен соң алгачкы буйругу менен Чеченстандын Ички иштер министрлигинин ыкчам издөө бөлүмүнүн жаңы башчысын дайындап, ошондой эле өзгөчөлөнгөн милиция кызматкерлерин сыйлады.
Кошумчалангандай, 2023-жылы Адам Кадыров Чеченстандын башчысынын коопсуздук кызматын жетектей баштаган. Ошондой эле 2023-жылдын октябрынан бери Адам Кадыров ондон ашык жогорку сыйлыктарга ээ болду.