Учурда дүйнөдө канча адам бар экени белгилүү болду

Жер шарында адамдардын саны 8 миллиард 50 миллиондон ашты. Мындай маалыматты дүйнө калкын изилдеген World Population Review жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, учурда дүйнө калкынын саны 8 миллиард 50 миллион 176 миң адамды түзөт.

Дүйнөдө калкынын саны боюнча Индия биринчи орунда турат. Бул өлкөдө 1 миллиард 463 миллион 870 миң адам жашайт. Экинчи орунда коңшу Кытай болсо (1 миллиард 416 миллион 100 миң), үчүнчүдө АКШ (347 миллион 276 миң) турат.

Ал эми дүйнө калкын изилдеген сайттын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 295 миң 30 адамды түзөт.

Дүйнөдө эң калкы аз – бул Ватикан өлкөсү болду. Ал жерде 501 адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан