Курманжан Датканын ролун жараткан Элина Абай кызы 35 жашка толду 

Бүгүн, 2-апрель "Курманжан датка", "Боз салкын" тасмаларында роль жараткан актриса, бийчи Элина Абай кызынын туулган күнү. Ал бул жылы 35 жашка толду.

Элина Абай кызы 1990-жылы 2-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Актрисалык карьерасын 9-классында Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасына тартылуу менен баштаган. Андан кийин "Уурунун махабаты", "Гаишники", "Сулуулар жана миллион", "Күкүк-Шахра", "Делбирим" жана "Курманжан датка" тасмаларында башкы каармандардын ролдорун жараткан.

Актриса айым роль жараткан "Курманжан датка" тасмасы мамлекеттик тапшырык менен 2014-жылы тартылып, ага мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион доллар сарпталган. Тасмада кыргыздын улуу ханышасы Курманжан датканын жашоосу тууралуу баяндалып, анын жаш кезин Элине Абай кызы аткарган.

Ал эми "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча Элина Абай кызы "2010-жылдын мыкты актрисасы" деп табылган.

Актриса 2017-жылы белгилүү кикбоксчу, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Кумар Жалиевке турмушка чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан