Чолпон-Атада оор атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт

3-5-апрель күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" спорт комплексинде оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалымтка караганда, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
  • Өспүрүмдөр арасында: Балдар: 45, 49, 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, +102 килограмм. Кыздар: 36, 40, 45, 49, 55, 59, 64, +64 килограмм;
  • Жаштар арасында: Балдар: 49, 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 килограмм. Кыздар: 40, 45, 49, 55, 59, 64, 71, +71 килограмм.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан