
Тараз–Покровка–Кайынды унаа жолунун 0,0–0,630 чакырым аралыгында (КПП Чоң-Капка) оңдоо жана кеңейтүү иштери башталды. Бул жөнүндө “Кыргызавтожол” мекемеси кабарлады.
Анда айтылгандай, жол 2 тилкеден 4 тилкеге чейин кеңейтилет.
Оңдоо-түзөө иштеринин алкагында жол бөлүүчү перилалар орнотулат. Ошондой эле долбоордо жөө адамдар үчүн тратуарлар, суу агызуучу лотоктор, унаа токтотуучу жай (стоянка), аялдамалар жана санитардык түйүндөр (даараткана) каралган.