22-март – Эл аралык такси айдоочулардын күнүнө карата Яндекс Go айдоочуларды колдоо боюнча өзүнүн салттуу акциясын өткөрүп – жүргүнчүлөр таштаган накталай эмес чайпулдарды эки эсеге көбөйтүп берди. Эки эсеге көбөйүү компаниянын эсебинен болуп, жүргүнчүлөрдүн чайпулунун суммасы өзгөрүүсүз калтырылган. Бул акциянын жыйынтыгы тууралуу маалымат алыш үчүн биздин редакция компанияга кайрылды.
"Кызматтын колдонуучулары демилгени активдүү колдошуп – алар адаттагыдан үч эсе көп чайпул калтырышты. Яндекс Go тарабынан эки эсеге көбөйтүлгөндүктөн, чайпулдун жалпы саны кадимки иш күнүнө караганда алты эсеге көп чыкты", - деп маалымдашты компаниядан.
Яндекс Go белгилегендей, Эл аралык такси айдоочулардын күнүндө жүргүнчүлөр салтка айлангандай, көбүрөөк ыраазычылыгын билдиришет. Мисалы, өткөн жылы 22-март жума күнгө туш келип, айдоочулар айдын башка жума күнүнө караганда, төрт эсе көп чайпул алса, эки эселегенден кийин анын суммасы сегиз эсеге көбөйгөн.