Министр Ибраев электр тармагындагы жемкорлукту жоюунун жолу бар экенин айтты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабар" агенттигине курган маегинде электр тармагындагы жемкорлукту жоюу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

"Мурда электр энергиянын жоготуулары 30 пайызга чейин жетчү. Бүгүнкү күнү биздин жоготуулар 11,64 пайызды түзөт. Жылдан жылга азайып келе жатат. Дебитордук карыз да азайып жатат. Азыр 500 миң акылдуу эсептегичти койсок, жоготууну мындан да азайтабыз. Бирок физиканын мыйзамы боюнча жоготууну такыр нөлгө түшүрө албайбыз. Бирок болушунча азайтканга болот. Электр энергия зым менен кетип жаткандан кийин ал жерде сөзсүз жоготуу болот. Бул техникалык жоготуу.

Ал эми коррупция деген нерсе, бул – керектөөчү менен биздин кызматкердин экөөнүн эле ортосундагы сүйлөшүү. Эң биринчи ошону жоюу керек. Абонент менен биздин электр энергия менен камсыз кылган уюмдун өкүлүнүн ортосундагы катышты жоготсок, коррупция жоголот деп эсептей берсе болот. Ал үчүн "Менин жарыгым" тиркемеси киргизилип, акылдуу эсептегичтер орнотулууда.

Ошондой эле коррупция көбүнчө сатып алууларда болот. Баарынын кекиртегин тыйыш кыйын экен. Бизде өзүнчө коррупцияга каршы бөлүм бар. Ревизиялык комиссиялар барып текшерип жатат. Коррупция такыр жок дегенден алысмын. Бирок, Кудайым буюрса, муну да жок кылабыз. Бул биздин милдетибиз. Президентибиздин койгон тапшырмасы. Электр энергияны колдонууну бир тартипке келтирип алсак, биз коррупциянын жоюу жолун билебиз", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан