"Москва, Стамбулдан кымбат". Төрага Бишкекте кафе, чачтарач, таксилер кескин кымбаттаганын айтты (видео)

Кыргызстанда тейлөө кызматтары кескин түрдө кымбаттады. Мындай пикирин төрага Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-апрелдеги жыйынында айтты.

Жыйында ал Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаевге кайрылып, Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте тейлөө кызматтары кескин кымбаттап, кээ бирлери оюна келген бааны коюп алганын айтты.

"Кыргызстанда, анын ичинде борборубузда тейлөө кызматтарынын баалары өтө кымбаттап кетти. Муну караш керек. Ошол эле кафе, ресторан, чачтарач, такси кызматы жана башка тейлөө кызматтары эби жок кымбаттап кеткен. Силер ушуга мониторинг кылышыңар керек. Азыркы биздеги баалар дүйнөдөгү мегаполис шаарлардан ашып кетти. Ошол эле Стамбулдан, Москвадан кымбат. Ушуну бир карап чыксаңар. Оюна келген бааны коюп алып жатышат", - деди төрага.

Өз кезегинде Жээналы Орозбаев бул боюнча тапшырмалар берилгенин айтты.

Төрага Бишкекте кафе, чач тарач, таксилер кескин кымбаттаганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан