Апрель айында алты күн магниттик бороон болушу күтүлөт 

Күн астрономиясы лабораториясы апрель айына карата магниттик бороондордун болжолдуу графикасын жарыялады.

Андагы маалыматка караганда, апрель айында алты күндүк магниттик бороон болжолдонууда. Окумуштуулардын айтымында, магниттик бороондун деңгээли G1 өлчөмүнө жетип, 5, 8, 9, 10, 22 жана 24-апрель күндөрү катталышы күтүлүүдө.

Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон биринчи кезекте өнөкөт жүрөк ооруларынан жапа чеккен адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет. Бул күндөрү алсыздык, эс-учун жоготуу, кан басымынын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Дарыгерлер бул күндөрү толук 7-8 саат уктоону сунушташат.

Белгилей кетсек, Жердин магнит талаасынын бузулушунун даражасы беш көрсөткүчтөн турган шкала боюнча өлчөнөт, мында G5 "өтө күчтүү" магниттик бороон деп бааланса, G1 "алсыз" магниттик бороон деп эсептелинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан