
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө 145 гектар жер кайтарылып берилди. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, аталган жер тилкесинин жалпы 195 гектар аянты 2008-жылы айыл өкмөттүн токтому менен жеке адамга айыл чарба багытында пайдаланууга, алма бак тигүү максатында өткөрүлүп берилгени аныкталган. Анын 50 гектары гана максаттуу иштелип, калганы бош тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
"Жогорудагыларды эске алуу менен, жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экенин жана ал максатсыз пайдаланылганын түшүнүп, менчик ээси ыктыярдуу негизде 145 га жерди Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып берди", - деп айтылат маалыматта.