Бишкек шаарынын борбордук мечитинде мүлктү жана автоунааларды камсыздандыруу боюнча жыйын болду. Ага Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын директору Канатбек Музуралиев, Муфтийдин биринчи орун басары Самаган Мырзаибраимов баш болгон муфтияттын кызматкерлери, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын дин кызматкерлери катышты. Бул туурасында уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда ОСАГО (автоунаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу), өрт жана табигый кырсыктардан турак жайларды коргоо боюнча толук маалыматтар айтылды.
Катышуучулар камсыздандыруунун маанилүүлүгү, жарандар үчүн пайдасы жана мамлекеттин бул жааттагы саясаты тууралуу кеңири маалымат алышты.