Бүгүн, 3-апрелде Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында алгачкы жолу «Ош нуру» I республикалык комуз боюнча жаш аткаруучулардын кароо сынагы башталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага өлкөнүн бардык облустарынан 300гө жакын жаш комузчулар келип катышууда. Расмий ачылыштын алкагында Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсү аткарылып, жөө жүрүш уюштурулгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгиленгендей, сынак 5-апрелге чейин уланып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо Бабур атындагы театрда саат 14:00дө өтөт.