Казакстандын Алматы шаарында жөө адамдар өтүүчү жерден оор жүк ташуучу унаа 7 жаштагы кызды тебелеп кетти. Бул туурасында казак басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, каргашалуу окуя кыздын апасынын көз алдында болгон. Ал учурда энеси жолдун экинчи тарабында кызын күтүп жаткан.
Жергиликтүү полиция кызматы басылмаларга кыз жеринде каза болгонун билдирип, экспертизалар дайындалып, кылмыш иши козголгонун кошумчалаган.