"Уйдун ордуна козулуу кой алам". Мэрден бизнеси үчүн акча алган Бекбол менен маек

Оштун Озгур айылындагы жаш бала мэр менен баарлашып, ал бизнес-план үчүн кийинки күнү 200 миң сом акча алганын көпчүлүгүбүз жакшы билебиз.

Дал ошол 13 жаштагы Бекбол Сулайманжанов менен SUPER.KG порталы да баарлашып, анын келечек пландары тууралуу сүйлөштүк. Бекбол мэр берген акчага азырынча кой козусу менен алып турууну атасы менен пландаганын айтып өттү.

– Бекбол алгач өзүңдү тааныштырып өтсөң.

– Мен, Бекбол Сулайманжанов, 2012-жылы 14-февралда Ош шаарында жарык дүйнөгө келгем. Учурда Озгур айылындагы Ак-Буура орто мектебинин 7-классында окуйм.

Биз 5 бир тууганбыз. Мен эң улуусумун. Атам айдоочу, алыс жактарга көп каттайт. Анткени ал оор жүк ташуучу унаа айдайт. Ал эми апам агартуучу. Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштетейт.

– Мэрдин таңкы рейди эрте башталат го. Сен ушунчалык эрте турасыңбы?

– Окууга биринчи сменге барам, андыктан эртең менен эрте туруу мага оордук деле жаратпайт. Анан күн мурун айылдаштардан эртең менен мэр келет экен деп угуп калдык. Ал күнү мен 3 жарымда ойгондум. Анткени мэр менен учурашып, ал кишини көргүм келген. Негизи жөн гана амандашып кайтам дегем, бирок окуя башка жагынан уланды.

– Мэр сага акча берет деп күттүң беле? Мал базарга барып, баасын билип келдиңби?

– Ойдо жок нерсе болду. Мен жөн гана учурашууга баргам. Ал киши мен жөнүндө, үй-бүлөм тууралуу сурап, аларга жооп берип жатып эле бизнеске өтүп кеттик. Мен мэрге малдарыбызды сатып салганыбызды билдирдим. Акча берет деп деле ойлогон эмесмин. Анан ушитип мал алганга акча алып калдык.

Мал базарга барып кел дегенин уккам, бирок жетише албадым. Мэрдин акчасын алдык, эми дем алыш күнү баралы деп атам экөөбүз пландап жатабыз.

Атам мага "үстүнө акча кошуп кой козусу менен алып берем" деди. Уйдун акчасына андан көрө кой сатып алып, көбөйтүүнү чечтик.

– Мэр акчаны күздө кайтарасың деген, бирок сен жазга жылдырдың. Жетишпей калам деп ойлодуңбу?

– Ооба. Азыр алып баксак күзгө чейин койлорду чоңойтконго жетишпей калам. Кой козусу менен алсак, жазга чейин козулар анча торолуп калышат. Кышы менен аларды жакшы багам да. Саан уй да алалы дегенбиз. Бирок анын баасы кымбат болуп калат экен. Андан көрө анын акчасына бир нече козу алсак болот.

Анан да эми койлорду саттырбайм деп отурам. Качан көбөйгөндө анан ойлонуп көрөм.

– Тилегиң орундалсын! Эми окуу тууралуу сүйлөшпөйлүбү, ээ? Кайсы сабактар сага өзгөчө жагат?

– 7-класста окуйм. Алгебра, информатика сабактары өзгөчө жагат. Калган сабактар деле жакшы. Көбүнчө "4", "5" деген бааларга окуйм, анан жалкоом кармап калган күнү "3" да алып калам. Бирок болгон аракетимди билим алууга да жумшап жатам.

– Келечекте кайсы кесиптин ээси болом деген ой-максаттарың бар?

– Өрт өчүрүүчү болууну кыялданам. Адамдарга жардам берип, жакшылык кылгым келет.

Ал эми Бекболдун атасы мэрдин бул кадамы уулуна чоң мотивация бергенин айтат.

“Күн мурун башка районго жумуштар менен кеткем. Эртеси түшкө маал тууган-уруктар, жакын санаалаштар айтып таң калтырды. Уулум менен сыймыктандым. Мэр менен тең ата, сүрдөбөй сүйлөшүп бара жатат. Негизи кызматтагы адамдар менен сүйлөшүүгө чоң адамдар анчейин батына албайт го.

Ал эми акчага келсек, күтүүсүз болду. Каражат деле алайын деген ой жок болчу. Ал үчүн өзүң эч нерсе кылбаган соң "келе акча" деп барыш да кыйын да. Анан балама көңүл бөлгөнү үчүн ыраазычылык айткым келди. Эми балдарыма козулуу кой алып берип бактырам. Окуудан келип бош жүргөндөн көрө, кой багып, машыгуусуна барып, убактысы текке кетпейт”, - деди атасы.

Маек үчүн Бекбол менен атасына ыраазычылык билдиребиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан