Кыргызстандын аймактарында эртең, 4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +23 ... +28;
- Талас жергесинде түнкүсүн +3 ... +8, күндүз +22... +27;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +24... +29;
- Ысык-Көлдө түнкүсүн +1 ... +6, күндүз +14 ... +19;
- Нарын дубанында түнкүсүн -4 ... +1; күндүз +16... +21;
- Бишкекте түнкүсүн +8 ... +10, күндүз +25... +27 градус болот