"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы 8-апрелден тарта Бишкек–Худжанд багыты боюнча аба каттамын аткара баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, аба каттамы ар шейшемби күнү аткарылат. Билет баасы 8 миң сомдон башталат.
Айта кетсек, 17-мартта «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек–Худжанд багыты боюнча техникалык каттамды ийгиликтүү аткарган эле. Ал эми 14-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан Somon Air учагы "Манас" эл аралык аэпортуна конгон.