Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын (Эл аралык футбол ассоциациясы) жаңыланган рейтингинде 103-орунга жайгашты. Жаңыланган рейтинг ФИФАнын расмий сайтына бүгүн, 3-апрелде жарыяланды.
Рейтингге 211 өлкө кирет. Анын ичинен "Ак шумкарлар" 1205 упайы менен 103-орунга жайгашты. Буга чейин "Ак шумкарлар" 107-орунда болчу.
ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башында Аргентина командасы жайгашса, Испания курамасы 2-орунга жана Франция курамасы 3-орунга жайгашты.
Ал эми коңшу өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстан 57, Тажикстан 104, Казакстан 113 жана Кытай 94-орундарга жайгашышты.
Эске салсак, март айында Кыргыз курама командасы эки оюн өткөргөн. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун алкагында өткөн оюндарда Кыргызстан Өзбекстанга 1:0 эсебинде утулса, 25-мартта Бишкекте Катарды 3:1 эсебинде жеңген.