Ысык-Атада мыйзамсыз курулуш кургандар айыпка жыгылды

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтүндө айыл чарба жерлеринде 10дон ашык мыйзамсыз курулуштар аныкталды. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалыматында жазылат.

Такталган кабарга караганда, малина өстүрүү үчүн ижарага берилген жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш курулган.

"Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен Узун-Кыр айыл өкмөтү тарабынан малина өстүрүү үчүн ижарага берилген 293-контурундагы жана 323-контурдун баш жагындагы жер тилкелерине болжол менен 10дон ашык мыйзамсыз курулуш курулган. Бул боюнча баштапкы калыбына келтирүү боюча жазма эскертүү берилсе да аткарылган эмес" дешти мекеме.

Ага ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 39 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Аталган факты боюнча материалдар тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан