Ноокатта ооруканада иштен бошотулган бөлүм башчылардын кызмат орду калыбына келтирилди

Ноокат аймактык ооруканасынын кызматтан бошотулган бөлүм башчылары кызмат ордуна калыбына келтирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 3-апрелде кабарлады.
Ага ылайык, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин тапшырмасы менен Ноокат аймактык ооруканасынын 11 бөлүм башчысынын кызматтан алынышына байланыштуу жагдайды иликтөө жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Анын жыйынтыгында 11 бөлүм башчы ээлеген кызматынан бошотулгандыгы аныкталган. Бирок мыйзам нормаларын туура эмес колдонуудан улам одоно мыйзам бузууга жол берилген.

Министрлик мыйзам менен белгиленген кызмат ордун ээлөө мөөнөтүнүн чектөөсү (катарынан эки жолу беш жылдык мөөнөттөн ашпоосу) саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине гана тиешелүү экенин, бирок бөлүм башчыларына жайылтылбай турганын белгилейт. Демек, алардын ушул негизде иштен алынышы мыйзамсыз. Мындан тышкары эгерде мыйзамда түздөн-түз каралбаса, мыйзам ченемдери артка кайтарылган күчкө ээ болбойт.

"Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 21-февралындагы №166 буйругу «Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында чыгарылган, анда мамлекеттик жана муниципалдык медициналык уюмдардын жетекчилери жана бөлүм башчылары жеке клиникаларда медициналык ишти айкалыштыра албайт. Бирок текшерүү көрсөткөндөй кызматынан бошотулган бөлүм башчылар бул талапты бузбагандыктан, аларды кызматтан алуу мыйзамсыз болгон.

Белгиленген мыйзам бузууларга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Ноокат аймактык ооруканасынын директоруна катуу сөгүш түрүндө дисциплинардык чаралар көрүлдү. Ошондой эле буйруктарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында кызматынан бошотулган 11 бөлүм башчынын ичинен 5 бөлүм башчы өз каалоосу менен кызмат ордуна калыбына келтирилди, 6 бөлүм башчы өз каалоосу менен кызматынан бошотулду", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан