"Электр станциялары" ААКсынын маалыматына караганда, Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 3-апрелге карата 8 миллиард 455 миллион куб метрди түздү.
Ал эми суунун агып келиши секундасына 244 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 221 куб метрди түзүүдө.
Эске салсак, бир жыл мурун, 3-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 277 миллион куб метрди түзгөн.