Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиону, “Супер-Инфо” гезити тарабынан “Супер спортчу-2013” наамынын ээси Айсулуу Тыныбекова өз салмагындагылар арасында 10-январда жаңыланган Дүйнөлүк рейтингде 7-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык күрөш федерациясынын расмий сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, Айсулуу Тыныбекова 59 килограмм салмакта күрөшкөн кыз-келиндердин Дүйнөлүк рейтингинде 7-орунду ээледи. Буга чейинки рейтингде анын ысымы 5-орунда жазылып келген.