Ырчы Каныкей: "Көбү мени Кудайга ишенбейт деп ойлошот" (видео)

SUPER.KG медиа порталынын маек төрүндө "Коё бергин мени, кайгы", "Жүрөк сыздайт", "Көпөлөк", "Садагам" деген ырлары менен элдин сүймөнчүлүгүнө айланган ырчы Каныкей болду.

Маек учурунда ырчы айым филармониядагы жумушу, чыгармачылыкка келген алгачкы күндөрү, ырлары жана жеке жашоосу тууралуу сөз кылды.

"Менин чыгармачылыгымда эки тизгиндүү жол болду. Биринчиси алгачкы эл алдына чыккан чыгармачылык жолум. Ал кезде жаш элем. Жандуу курам (бент), төрт инструмент менен иштечүм.

Экинчи мезгил - бул менин үй-бүлө куруп, кандайдыр бир тыныгуу алып, жумушка чыккан мезгилим. Бул филармонияга туш келет. Ал жакта иштеген кезде мындайча айтканда, менин экенчи канатым жайылды. Бул жерде чоң оркестр менен иштедим, дагы деле иштеп келем" дейт ырчы айым.

Маекти толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан