Бишкектин Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгында белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандарды аныктоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдайт.
Кабарга ылайык, мындай чаралар башаламан таштанды жайларын жоюу максатында ишке ашырылууда.
Видеокөзөмөл камералары төмөнкү даректерге орнотулду:
"Видеобайкоо курулуш жана тигүү цехтеринен чыккан таштандыларды мыйзамсыз ыргыткан жарандарды аныктоого жардам берет. Камералардын жазуулары Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп берилет. Андан кийин эреже бузгандарга карата өлкө мыйзамдарынын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт" деп атылды анда.
Маалымат үчүн: Өлкөнүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, тиричилик таштандыларын ыргыткандыгы үчүн 5 500 сом, юридикалык жактарга үчүн 17 000 сом, өндүрүш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн жеке жактар 7 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 000 сом айып салынат.