Боливияда эки бригаданын тирешинен кеминде 5 адам каза болду

Боливиянын Анд тоолорунда эки тоо-кен кооперативинин ортосундагы тирешүү маалында болгон жарылуудан кеминде беш киши набыт болду. Razon гезити ички иштер министринин орун басары Жонни Агилерага шилтеме берүү менен билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, Сората шаарында дизелдик май куюлган идишке катылган жардыргыч жардырылган. Кырсыктын кесепетинен бир аял, үч эркек жана бир өспүрүм каза тапкан. Жаракат алгандар жана дайынсыз жоголгондор бар.

Коопсуздукту камсыз кылуу жана тергөө иштерине колдоо көрсөтүү үчүн аймакка 350 милиция кызматкери тартылган.

Tiempos басылмасы алты адам каза болгонун кабарлады. "Сеньор де Майо" менен "Хихос де Инженио" тоо-кен бригадаларынын ортосундагы кагылышуу алтын казуучу участокту көзөмөлдөөдөн улам тутанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан