Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда никаб кийгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдидирди.
2-апрелде УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын имаратында прокуратура, милиция, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрүлгөн. Кеңешмеде "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу үчүн биргелешкен иш-чаралар планы түзүлгөн.
Мындан улам укук коргоо кызматкерлери жогоруда айтылган аймактарда жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук жайларда никаб кийбөө керектиги скертилген.
"Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарына ылайык, коомдук жайларда никабдарды кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Бирок айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт. Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарын бузуу өлкө мыйзамдарына ылайык административдик жаза менен жазаланат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр 26-декабрда кабыл алынган. Президент документке 21-январда кол койгон.
Мыйзамда китепчелерди жана баракчаларды таратууга, диний агымдарды жайылтуу максатында, диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат. Мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда кызматтык иштерге байланыштуу кийимдерди кошпогондо адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимдер (бет кап, паранжа, никаб өңдүү) менен жүрүүгө тыюу салынат.
Мындан сырткары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.