Ош шаарында унаа тыгынын азайтуу максатында Рыспай Абдыкадыров көчөсү Калинин көчөсүнө чейин узартылат. Бул туурасында мэрдин рейдинде маалым болгонун маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Р.Абдыкадыров көчөсүн Курманжан датка көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө (Калинин) чейин узартуу долбоору менен таанышып, жеринде тийиштүү жумуштарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди.
Ал эми аталган иштер Ош шаарынын башкы планына жана деталдык пландоо долбооруна ылайык жүргүзүлүлүп жаткандыгын Архитектура башкармалыгы да тастыктаган.
"Башкы план 2016-жылы 29-мартта Өкмөт тарабынан кабыл алынган. Деталдык план болсо шаардык кеңеш тарабынан 2024-жылы чечилген. Анын негизги максаты шаардагы тыгын маселесин жоюу болуп саналат. Мэрдин тапшырмасы менен канча үй бузулат, ошолор боюнча иш алып барабыз. Такталгандан кийин анан ишке ашат", - деп билдирген мекеменин өкүлү.