Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад 9-майда эмес, бир күн мурун, 8-майда өтөт. Бул маалыматты президенттин администрациясы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалымдагандай, майрамдоо күнүнүн жылышы президент Садыр Жапаровдун 9-майда Орусиянын борбору Москва шаарындагы парадга катышуусу менен байланыштуу.
Ал эми президент кол койгон жарлыкка ылайык 8-майда болчу парад Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн жеке курамынын, аскердик техникаларынын катышуусунда Ала-Тоо аянтында өткөрүлөт.