Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө Абсамат Масалиев проспектисинен тартып "Жаштар кварталы" турак жай комплексине чейинки жол куруу иштери башталды. Мындан улам аталган аймактар 5-апрелден тартып жабык болот.
Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, №175 автобус каттамына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Каттам Масалиев, Бакаев жана Абдрахманов көчөлөрү аркылуу өтүп, Ынтымак жана Калыс-Ордо конуштарынын багыты боюнча жүрөт.
Курулуш иштерин "Технотоп" ЖЧКсы аткара тургандыгы маалыматта кошумчаланган.